Башкы прокуратуранын тараткан маалыматына ылайык, 2014-жылы кыйноолор боюнча кайрылуулардын саны 2013-жылга салыштырмалуу 42,3% азайган.
Кечээ, 29-декабрда Ош шаардык прокуратурасы, Ош милициясы жана укук коргоочулардын катышуусунда жыйын өткөн. Анда биргелешип жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында кыйноолор азайгандыгы айтылды.
Бирок, айрым жергиликтүү укук коргоочулар кыйноолорго азайды деген пикирлер менен макул эмес. Алардын айтымында, кыйноого кабылган адамдардын көпчүлүгү арыз менен кайрыла бербейт. (TSh)