Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:11

Мамдепартамент Азербайжандагы адам укугунун абалына тынчсыздануусун билдирди


АКШ Мамдепартаменти Азербайжандагы адам укугунун абалына тынчсыздануу билдирди. 26-декабрда “Азаттык” радиосунун Бакудагы кеңсеси жабылып, бюронун кабарчылары жана кызматкерлери суракка алынган. “Бул кадамдарга катар суракка адвокаттын киргизилбей коюусу тынчсыздануунун дагы бир себеби” деп билдирди Мамдепартаменттин өкүлү Жефф Ратке 29-декабрда. “Биз Азербайжанды адам укугун, эркиндикти, анын ичинде сөз эркиндигин урматтоо боюнча ЕККУнун жана башка эл аралык уюмдар алдындагы милдеттенмесин аткарууга чакырабыз,”- деди Ратке.

Раткенин билдиришинче, “Азадлыг” радиосунун кеңесине жасалган рейдден беш күн мурда АКШ мамкатчысы Жон Керри президент Илхам Алиев менен телефондон баарлашып, Азербайжандагы адам укугунун абалына тынчсыздануусун билдирген.

XS
SM
MD
LG