Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Салижан Жигитов атындагы сыйлык уюштуруу сунушталды


Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев жазуучу-акын, адабият таануучу, филология илимдеринин доктору, профессор Салижан Жигитов атындагы адабий сыйлык уюштуруу демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында аталган демилге жактырылды. Осмоналиев Салижан Жигитов кыргыз улуттук адабиятына зор салым кошкондугун белгилеп, адабият айдыңындагы кийинки жаштарды шыктандыруу жана кыргыз улуттук адабиятын колдоо максатында бул сыйлык уюштуруу сунушталып жаткандыгын билдирди.

Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айылында туулган. Үч жүздөн ашык илимий жана адабий эмгектердин автору. Жүздөгөн учкул сөздөрдүн, таамай айтылган тамашалардын, ырлардын да ээси. Бир катар адабий сындарды, изилдөөлөрдү жарыялап, Назым Хикмет, Мустай Карим сыяктуу атактуу акындардын чыгармаларын кыргызчага которгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG