Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:20

Пакистан: Заки-ур-Рехман Лакви кайра камакка алынды


Пакистан полициясы 2008-жылдагы Индиянын Мумбай шаарындагы чабуулдун жетекчиси деп айыпталган террорчуну кайра камакка алды. 29-декабрда сот Заки-ур-Рехман Лаквини тергөө абагынан бошоткон. 30-декабрда расмий маалымдалгандай, Лакви башка ишке байланыштуу кайра камакка алынган.

Лакви 166 кишинин өмүрүн алган Мумбайдагы террордук чабуулга тиешеси бар деп соттолгон жети адамдын бири. 18-декабрда сот далилдер жетишсиз деп, Лаквини күрөөгө бошоткон. Бирок Пакистан өкмөтү "коопсуздукка коркунучу бар деп шек түшкөн адамды 30 күн абакта кармоо" мыйзамына ылайык, аны ошол замат кайра абакка салган. Лакви доо арыз менен кайрылгандан кийин сот 29-декабрда аны бошотулсун деп өкүм чыгарган эле.

XS
SM
MD
LG