Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:37

Кабулов: “Исламчылар” Ооганстандын Тажикстан жана Түркмөнстан жак чек арасына топтолууда


Орусиянын Ооганстандагы элчиси Замир Кабуловдун ИНТЕР ФАКС агенттигине курган маегинде айтышынча, ооган-тажик чек арасында 4000-5000дей согушчан, Ооган-түркмөн чек арасында 2 500 чамалуу согушчан топтолгон. Түндүк Ооганстанда жаңы согушкерлерди машыктырчу эки айлык үч лагерь иштөөдө. Ар бир лагерь 50 желдетти машыктыра алат. Бул лагерлерге келген жаңы согушкерлердин арасында борбор азиялыктар да бар. Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкмөтү Түндүк Ооганстандагы кырдаалдан кабардар дейт интервьюда Замир Кабулов.

Ооган жана чет элдик массмедианын кабарлашынча, жыл бою Ооганстандын түндүк аймактарына түрдүү тектеги согушчандар, анын ичинде Борбор Азиянын да өкүлдөрү келип жатты.

XS
SM
MD
LG