29-декабрда маалымат булактарында жарыяланган мыйзамда өлкө президентин түрдүү сайттарда шылдыңдоо же ар-намысына шек келтирүү мыйзамсыз деп белгиленет. Мыйзамга ылайык, маңзаттарын пайдаланууну, арак-шарап ичимдиктерин ичүүнү, чылым чегүүнү колдогон, үй-бүлө баалуулуктарын танган маалыматтарды, порно матриалдарды интернетте жарыялоо чекетелет.
Учурда аз гана сандагы түркмөнстандыктар үйүндө интернетти пайдаланат. Байланыш министрлиги - өлкөдөгү бирден бир провайдер. 2007-жылы Гурбангулы Бердимухаммедов бийликке келгенден кийин ачылган интернет кафелер кымбат болгондуктан, аны көпчүлүк жарандар пайдалана алышпайт. Компьютер пайдалануучулар катталып, алар эмне кылып жатканы көзөмөлдөнөт.