Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:44

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды


Ош милициясы Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү саналган 34 жаштагы Алтынбек Сакыевди кармаганын кабарлады. Маалыматка караганда, ал кылмыштуу чөйрөдө Араван районун көзөмөлдөйт деп эсептелип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын тизмесинде турган.

Ал Ош шаарынын тургунуна таандык автоунааны күч менен тартып алганы үчүн кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Унаа ээсине кайтарылды.

Аны менен кошо унаа ээсин токмоктоого катыштыгы бар үч шериги кошо кармалган. Алтынбек Сакыев буга чейин массалык башаламандыкка катышкан деген айып менен соттолгон болчу. (YI)

XS
SM
MD
LG