Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Орусияда экстремисттик эки уюмга тыюу салынды


Орусия “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун жана “ал-Каида” менен байланыштагы “Жабаат ал-Нусра” группасын террордук уюм деп жарыялады жана бул эки уюмдун ишмердигине өлкөдө тыюу салынды.

Орусиянын Жогорку Соту мындай чечимди өлкөнүн Башкы прокуратурасынын өтүнүчүгө ылайык кабыл алды. Жаңы чечимге ылайык, Орусияда кимде ким береги эки уюмдун ишмердигине катышса, анын ичинде желдет жалдоого, куралданууга, машыктырууга, каржылоо иштерине аралашса, же жарандарды ушуга байланыштуу иштерге шыктандырса, кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

XS
SM
MD
LG