Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

Тажикстанда "Ютюб" жана "Одноклассники" иштебей жатат


"Ютюб" жана Орусияда популярдуу “Одноклассники” сайттары 30-декабрда таң азандан тартып, Тажикстандын көпчүлүк серверлеринде ачылбады. Пайдалануучулардын айтымында, алар аталган эки сайтка башка социалдык түйүндөр аркылуу киришкен.

Аты аталышын каалабаган ири провайдердин өкүлүнүн айтымында, Байланыштарды тейлөө кызматы “алдын ала чара көрүү максатында” эки сайт “убактылуу” жабылганын оозеки эскерткен. Бирок Байланыштарды тейлөө агенттиги андай кабарга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Быйыл Тажикстанда "Ютюб", “Одноклассники”, "Фейсбук" жана Gmail сайттары бир нече жолу жабылып, иштеген эмес. 10-октябрда оппозициячыл “Группа 24” кыймылы социалдык желелер аркылуу элди Дүйшөмбү шаарында антиөкмөттүк протестке чыгууга чакыргандан кийин SMS серверлери жана жүздөгөн сайттар бир нече күнгө интернет пайдалануучулар үчүн жабылган.

XS
SM
MD
LG