Бул көрсөткүч ЮНИСЕФ жүргүзгөн иликтөөлөрдүн негизинде пайда болгон. Парламенттин адам укуктары, Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде кечээ жетим балдар маселесин каралып, балдар үйүнөн чыккан улан-кыздардын турак жайы жөнүндө сөз болду.
Жыйынга катышкан “Биздин үнүбүз” коомдук фондунун төрайымы Айнура Ормонованын маалыматы боюнча жыл сайын балдар үйүнөн 400дөн ашуун бүтүрүүчү чыгат, бирок буга чейин алардын бири да турак-жай менен камсыз болушкан эмес. Алардын катталуучу орду да кийинки убакта чоң маселеге айланууда дешет активисттер.