Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Орусия аймагына кирип-чыгуу шарты мурдагыдай калды


Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине Москва атайын расмий нота жиберип, Орусияга кирип чыгуу шарттары мурдагыдай эле кала турганын маалымдаган. Атап айтканда, Орусиянын аймагына кирип-чыгуу жана транзиттик каттам менен жүрүү, бир орундан экинчи орунга баруу жана чек араны басып өтүүдө колдонулуучу документтер өзгөрүлбөйт. Мурдагыдай эле Кыргызстандын ички (ID-card) жана жалпы жарандык (чет элдик) паспортторун колдонуп, жүрүүгө болот. Ал эми жашы жетпеген балдар үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен Кыргызстандын жарандыгын тастыктоочу справкасы болушу зарыл.

Буга чейин коомчулукта 2015-жылдан баштап, Орусияга кирип-чыгуу шарты өзгөрүп, катаалдашат деген кептер айтылып жаткан болчу. (TSh)

XS
SM
MD
LG