Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Нарында мечиттердин көбү каттоодон өтө элек


Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматында, облуста 130 мечит болсо, анын 52си гана каттоодон өткөн. Буга чейин аталган меселе бир канча ирет көтөрүлгөнү менен, тиешелүү мамлекеттик органдар койгон талаптар аткарылган эмес. Кээ бир мечиттердин курулушу талапка жооп бербесе, айрымдары уруксат берилбеген жерге курулган. Ошол эле кезде тиешелүү органдар талапка жооп бербейт деп жаап кеткен айрым айылдардагы мечиттер бүгүн иштеп жатканы белгиленген.

Ал эми облустук казыяттын билдиришинче, мечиттерди каттоодон өткөрүү үчүн ар бирине 20 миң сомдун тегерегиндеги каражат зарыл. Ошондо жалпы жонунан 2 миллион сомго жакын акча керек болорун казыяттан билдиришти.

Облустагы мечиттердин көбү арабдардын демөөрчүлүгү тарабынан 10-15 жыл мурда салынган.(TSh)

XS
SM
MD
LG