Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Кыргызстандын АКШ жана Азербайжандагы элчилери дайындалды


Бүгүн, 31-декабрда президент Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигине Кадыр Токтогулов бекитилди. Ошондой эле президенттин дагы бир буйругу менен Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигине Айжигит Буранов дайындалды.

Өлкөнүн АКШ жана Канададагы азыркы элчиси Мухтар Жумалиевдин кызматтык мөөнөтү аяктады. 34 жаштагы Токтогулов 2012-жылдан бери Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы болуп иштеген. Ал эми Айжигит Буранов буга чейин Кыргызстандын Москвадагы консулу болуп эмгектенген. (TSh)

XS
SM
MD
LG