Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялаган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.
Ушул эле күнү орус өкмөтү фонддун уставдык капиталын калыптандыруу үчүн Кыргызстандын Улуттук банкына 100 млн. АКШ долларын которду. Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда биргелешкен фонд түзүү боюнча келишимге 2014-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган. Аны Жогорку Кеңеш 18-декабрда ратификациялаган.
Макулдашууга ылайык, фонддун жалпы уставдык капиталы 500 млн. АКШ долларын түзөт. (TSh)