Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

2014-жылы Орусияда инфляция 11, 4 процентти түздү


Бул 2008-жылкы дүйнөлүк финансылык кризистен берки эң бийик көрсөткүч. Орусиянын финансы министри Антон Сулианов өкмөт бюджетте каралган социалдык жана аскерий пландарды аткаруу үчүн Улуттук байлык фондунан бөлүнгөн 500 млрд рублдык (8,5 млрд доллар) лимитти көбөйтүүнү сурап, Мамдумага кайрылат деди 31-декабрдагы телеинтервьюда.

Мамстаткомдун алдын ала эсептөөлөрүнө караганда, декабрь айында инфляция 2, 6 процентке өскөн. Бул 2005-жылдан берки эң чоң бир айлык көрсөткүч. Ноябрда инфляция 1, 5 % өскөн эле.

2008-жылы инфляция 13, 3 процентке жеткен. Орусиянын экономикасы дүйнөлүк рынокто мунайдын баасынын арзандап кетиши жана Украинадагы кризиске байланыштуу Батыш киргизген санкциялардын кесепетинен оор абалга кабылды.

XS
SM
MD
LG