Жаңы жыл майрамы учурунда Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтына чогулган 50 куб метр таштанды чыгарылып, аянт тазаланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурай Марс билдирди.
Анын айтымында, таштандыларды тазалоого “Тазалык” ишканасынын 55 жумушчусу түнкү саат 2ден таңкы 5ке чейин иштеген. Таштанды чыгарууга 7 унаа тартылган. Борбордук аянтка Жаңы жылды тосууга 12 миңге жакын адам келген. (ECh)