Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясында үйлөнүү той өткөрүп жаткан үйгө келип түшкөн ракетадан 20 киши мерт кетти. Ракета талибдер менен ооган күчтөрү ортосундагы салгылаш учурунда атылган. Жергиликтүү полициянын өкүлү Фарид Ахмад Обейддин айтымында, 45тен ашык адам жарадар болду. Каза болгондордун көпчүлүгү аялдар жана жаш балдар экени айтылууда. Ракета талибдер көп жайгашкан Синган шаарындагы үйлөрдүн бирине түшкөн.
Быйыл 1-январдан тарта Ооганстандагы коопсуздук жергиликтүү аскер күчтөрдүн колуна өттү. Өлкөдөгү 350 миңге жакын аскер жана полиция кызматкерлери бул милдетти аркалап баштайт. Акыркы 13 жылдан бери бул милдетти НАТОнун эл аралык коалициясы аткарып келген.
2014-жыл Ооганстандын аскерлери үчүн кандуу жылдардын бири болду. Бул жылы 5000ден ашык аскер жана полиция кызматкери набыт болгон.