Катар өлкөсүндө өткөн эл аралык гран при мелдешинде оор атлетчи Сыргак Абдраманов алтын байгенин ээси болду. Бул тууралуу Кыргызстандын оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов “Азаттыкка” билдирди.
Мелдеш 31-декабра Доха шаарында жыйынтыкталган. Сыргак Абдраманов 62 кг. салмактагылар арасында булкуп көтөрүүдө 113 килограммдык, ал эми түртүп көтөрүүдө 137 килограммдык салмактагы темир чоюнду көтөрүп, биринчи орунду багындырган. Алтын байгеден сырткары, 3 миң доллар акчалай сыйлык да алган. (TSh/ECh)