Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Москвада Навальныйдын эки тарапкери камалды


Москванын Твер райондук соту оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын эки тарапкерин 15 суткага камоо чечимин чыгарды. Роман Немучинский жана Михаил Кригер 30-декабрдагы Манеж аянтындагы Навальныйга карата сот чечимине каршы нааразылык акциясына катышкан. Сот аларды полициянын мыйзамдуу талабына көнгөн эмес деген жүйө менен камакка алган. Мындан сырткары акция учурунда кармалган 70ге чукул адам кечээ бошотулган эле.

30-декабрда Москванын Замоскворецкий райондук соту “Ив роше” компаниясынын иши боюнча орус оппозициясынын өкүлү Алексей Навальныйды үч жарым жылга шарттуу кескен. Анын бир тууганы Олег Навальный үч жарым жылга эркинен ажыратылган. Мындан соң оппозициячыл саясатчынын тарапкерлери Манеж аянтында нааразылык акциясын өткөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG