Бүгүн Катардын борбор калаасы Дохада жаштар арасында ар кайсы салмакта оор атлетика боюнча Азия чемпионаты башталды. 7-январга чейин созула турган мелдешке Кыргызстандан Кадыржан Айтпеков (50 кг), Курсант Төлөнов (77 кг), Урмат Сыргабаев (85 кг) жана Анардин уулу Аскат (69 кг) катышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов “Азаттыкка” билдирди.
5-январда Оор атлетика боюнча Азия федерациясынын президенти жана техникалык комитетинин мүчөлөрү шайланат. Техникалык комитеттин мүчөлүгүнө Кыргызстандынан атынан Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосовдун талапкерлиги сунушталууда. Азия чемпиондугуна 25 өлкөдөн спортчулар катышат. (TSh)