Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Путин Крымды аннекциялоону кубаттады


Орусиянын президенти Владимир Путин жаңы жылдык куттуктоосунда Крымдын өз өлкөсүнүн курамына кошулушун дагы бир жолу кубаттады. Анда Путин Крымды “өз үйүнө кайтты” деп, бул окуя өлкө тарыхындагы эң маанилүү этап катары каларын билдирди.

Ошондой эле орус президенти калк “өлкө кызыкчылыгын коргоого даяр” болгонуна ыраазычылыгын жолдоду. Ошондой эле Сочидеги кышкы олимпиада жөнүндө сөз козгоп, аны "тарыхтагы эң жакшы иш-чара" деп атады.

Орусия былтыр мартта Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап, же өзүнө каратып алып, эки айдан кийин Донецк менен Луганскта орусиячыл жикчилдер эки чөлкөмдүн көз карандысыздыгын жарыялаган. Буга байланыштуу Орусияга карата АКШ жана Евробиримдик санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG