АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 1-январда телефон аркылуу сүйлөштү. АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү билдиргендей, алар палестина-израил кризисинен тартып, Сириядагы жарандык согуш, Украинанын чыгышындагы кырдаалга чейин талкуулашты. Сүйлөшүү АКШнын демилгеси менен болду.
Лавров өткөн жумада Орусияга каршы санкциялар Москва-Вашингтон кызматташтыгына кедергисин тийгизет деп билдирген болчу.