Жаңы жылдын алгачкы минуталарынан тартып Томск облусундагы ТВ-2 деп аталган эркин телеканал ишин токтотту. Буга аталган телеканалдын программаларын обого чыгарып келген жергиликтүү станция келишимди бир тараптуу токтоткону себеп болгон. Телеканал жаңы жыл түнүндө салттуу болуп калган президент Путиндин куттуктоосунун ордуна редактор Виктор Мучниктин көрүүчүлөргө кайрылуусун көрсөттү. Ал телеканалдын 23 жылдан бери чогуу келе жаткан көрүүчүлөрүнө ыраазычылыгын билдирди, андан кийин Кремль куранттарынын жаңы жылдык үн коштоосунда телеканалдын имараты, бош калган студиялар көрсөтүлдү.
ТВ-2 телеканалы Орусиянын Сибир аймагындагы бирден-бир эркин тв болуп эсептелчү. Редакция келишимди бир тараптуу токтоткон станциянын чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылып, бирок оң жыйынтыкка жетише алган эмес.(ZKo)