Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Екатеринбургдагы миграциялык борбордо Кыргызстандын 15 жараны кармалган. Аларга соттун чечими менен Орусиядан чыгарып жиберүү жазасы каралган. Бул тууралуу Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугунан кабарлашты.
Кыргызстандын аталган шаардагы башкы консулу Төлөнбай Кожобаев диаспора өкүлдөрү менен бирге Екатеринбург шаарындагы чет өлкөлүк жарандар кармалып турган миграциялык борбордо болуп, андагы кыргызстандыктардан кабар алган.
Екатеринбургда административдик тартип бузган мигранттар атайын борборлорго камака алынат. (TSh)