Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:56

Оор атлетчи Кадырбек Айтпеков Азия чемпиондугунда коло байге тагынды


Кыргызстандык оор атлетчи Кадырбек Айтпеков жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда коло байгенин ээси болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов билдирди. Анын айтымында, Катардын борбору Доха шаарында 1-январда башталган мелдештер 7-январга чейин уланат. 50 кг салмакта күч сынашууга чыккан Кадырбек Айтпеков булкуп көтөрүүдө 85 килограммдык, түртүп көтөрүүдө 100 килограммдык салмактагы темир чоюнду көтөргөн. Бул салмакта биринчи орунду казакстандык, экинчи орунду пакистандык оор атлетчи ээлеген.

25 өлкөнүн спортчулары катышкан оор атлетика боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугу 1-январда Катардын Доха шаарында башталган. Мелдештер 7-январга чейин уланат. Кыргызстандан бул мелдешке төрт спортчу катышууга барган. Алдыда Курсант Төлөнов (77 кг), Урмат Сыргабаев (85 кг) жана Анардин уулу Аскат (69 кг) өз салмактарында таймашка чыгат. (Ech)

XS
SM
MD
LG