Кыргызстандын футбол боюнча 21 жашка чейинки улуттук курамасы бүгүн, 2-январда Катардын Доха шаарына машыгууга жөнөп кетет. Бул тууралуу “Азаттыкка” улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов билдирди.
Анын айтымында, Доха шаарындагы 10 күнгө созулган машыгуу Орусиянын Санкт-Петербург шаарында боло турган Шериктештик кубогу үчүн мелдешке даярдык катарында өткөрүлөт. Кураманын катарына 24 футболчу кирген. Алардын ичинде Литванын “Шауляй” клубунда ойногон 20 жаштагы Тамирлан Козубаев менен Бразилиянын “Ботафого” клубунда ойноп келген 17 жаштагы Рысбек уулу Жанбото бар. Тандамал оюнчулардын жарымы буга чейин Шериктештик кубогунун оюндарына катышкан эмес.
Шериктештик кубогунун оюндары 16-январдан 25-январга чейин уланат. Чучукулак кармашуунун жыйынтыгында Кыргызстан “В” тобуна бөлүнүп, Латвия, Молдова жана Орусия командалары менен ойнойт. Кыргыз футболчулары 16-январда Молдова, 18-январда Латвия, 19-январда Орусия курамасы менен беттешет.
Башкы олжо үчүн Европа жана Азия өлкөлөрүнөн 12 команда катышат. Буга чейин кыргыз курамасы бул кубоктун оюндарында эки жолу тогузунчу, бир жолу он экинчи орунду ээлеген. (Ech)