Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:07

Киевде улутчулдар жүрүшкө чыгышты


1-январда Киевде миңдеген улутчулдар Украинада улутчул баатыр катары таанымал Степан Бандеранын туулган күнүнө карата жүрүшкө чыгышты. Демонстранттар улутчулдардын кызыл-кара желектерди көтөрүп, бандерчилер негизги урааны болгон “Украина жана баатырларга даңк” деп кыйкырып өтүштү. Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Сума шаарында да жүрүштөр өттү.

Мындан 56 жыл мурун көз жумган улуттук кыймылдын лидерин батышчылдар эгемендик үчүн күрөшкөн деп санаса, өлкөнүн түштүк-чыгыш тарабы антисоветтик активист катары баалашат. Орусияда болсо аны немис улутчулдары менен кызматташкан адам деп билишет. Айрым булактарда Бандера башынан эле немистер менен кызматташып, Польшадагы жана Украиндагы жөөттөр менен поляктарды массалык өлтүрүүгө катышканы айтылып жүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин Бандераны Адольф Гитлердин “шериги” деп сыпаттап, былтыр Виктор Януковичти бийликтен кулаткан азыркы бийлик өкүлдөрүн “Бандеранын идеологиялык мураскерлери” деп атаган.

Степан Бандера 1959-жылы Мюнхенде КГБнын агенттинин кол салуусунан каза болгон.

XS
SM
MD
LG