Орусиянын newslab.ru интернет сайтынын жазганына караганда, Красноярск шаарында полиция төрт жаштагы кызынын өлүмүнө шектүү деп кыргызстандык аялды кармаган.
20-декабрда тез жардам бөлүмүнөн төрт жаштагы кыз ичине урулган катуу соккудан кийин каза болду деген маалымат түшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө кыздын энеси, 26 жаштагы кыргызстандык аял кармалган.
Бул факт боюнча Орусиянын мыйзамына ылайык кылмыш иши козголуп, учурда кыздын өлүмү иликтенүүдө. Шектүү аял күбө катары сурак берип, мигранттардын атайын кармоочу жайында камакта отурат. (TSh)