3-январда айрым жерлерде кар жаайт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -3…-8, күндүзү -1…+4;
Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүзү -2…+3;
Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүзү 1…6;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүзү 2…7;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүзү -3…+2;
Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүзү -10…-15;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -18…-23, күндүзү -9…-14.
3-январда Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр болот. Абанын төмөнкү температурасы 4…6 градус суук, күндүзгү жогорку температурасы 0…2 градус жылуу болот.