Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Керри менен Лавров Украинадагы абалды талкуулады


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинадагы жана Жакынкы Чыгыштагы абалды талкуулады. Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү кабарлагандай, Керри менен Лавровдун телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Сириядагы кырдаалдан тартып, орус-америка мамилеси тууралуу да сөз болгон. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул сүйлөшүү Керринин сунушу менен болгонун кабарлады.

Лавров декабрдын аягында АКШ Орусияга каршы киргизген санкциялар эки өлкө ортосундагы мамилеге кедергисин тийгизет деп билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG