Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

Крымга Украинадан ташылган товарларга бажы төлөмү алына баштады


1-январдан тарта Крымга Украинадан ташылып келген товарларга бажы төлөмдөрү алына баштады. Былтыр мартта Орусия аннекциялаган аймакка Украинадан импорттолгон товарлар үчүн 1-январга чейин “өткөөл мезгил” киргизилип, төлөмдөр алынган эмес. Эми Крым бийликтери ташылып келген ар бир товар үчүн бажы декларациясы толтурулуп, түшкөн төлөм Орусиянын бюджетине которуларын билдирүүдө.

Мындай чара Крымдагы азык-түлүктүн кымбатташына алып келет деген чочулоо айтылууда.

Орусия былтыр мартта Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап, же өзүнө каратып алган. Буга байланыштуу Орусияга карата АКШ жана Евробиримдик санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG