Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

2015-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизилет


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин каржы комитетинин төрага орун басары Курманбек Дыйканбаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн башкы каржылык документи Кыргызстан Бажы биримдигине мүчө болуп киргенге чейин, Биримдиктеги шарттар эске алынбай туруп кабыл алынган.

“Бул бюджет май-июнь айларында каралат. Анткени ошол убактарга барып Кыргызстан Бажы биримдигине толук кошулат. Анан Биримдиктеги жалпы бажы алымы эске алынып, бюджет ошого карата өзгөртүлөт”, деди Дыйканбаев.

Ошондой эле депутаттар бюджетти бекиткенден бери доллардын курсу да өзгөрдү. Буга байланыштуу да айрым өзгөртүүлөр киргизилет.

Кыргызстандын 2015-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 103 млрд. 752 млн. сом, чыгаша бөлүгү 118 млрд. 436 млн. сомго барабар болду. Бюджет таңсыктыгы 14 млрд. 683 млн. сомду түздү. (МТо)

XS
SM
MD
LG