Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Учак кырсыгына кабылган 30 адамдын сөөгү табылды


Яван деңизиндеги кырсык болгон аймактан 30 адамдын сөөгү жана учактын бир нече бөлүктөрү табылды. Бирок учактын "кара кутусу" же тулкусу дале дайынсыз. Шамал жана андан пайда болгон кубаттуу толкундар издөө ишине тоскоолдук жаратууда.

Кырсыктын себептерин иликтөөгө француз адистер келишти. Издөө ишине Индонезиядан тышкары америкалык жана сингапурлук кемелер кол кабыш кылууда.

Индонезиядан Сингапурга учуп бараткан малайзиялык AirAsia учагы 28-декабрда асманга көтөрүлгөндөн 40 мүнөттөн кийин радардан жоголуп кеткен.

Учакта 162 адам бар болчу, алардын көбү индонезиялыктар эле.

XS
SM
MD
LG