Кыргызстандык оор атлетчи Аскат Анардин уулу ушул тапта Катардын Доха шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медалды тагынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов билдирди.
Анын айтымында, Аскат Анардин уулу 2-январда 69 кг. салмакта күч сынашып, булкуп көтөрүүдө 108 кг., түртүп көтөрүүдө 131 кг. салмактагы темир чоюнду көтөрүп, чемпиондук наамга ээ болгон.
Бул Азия чемпионатынан буга чейин 50 кг. салмакта кыргызстандык Кадырбек Айтпеков коло байгени тагынган эле. Алдыда Курсант Төлөнов (77 кг) жана Урмат Сыргабаев (85 кг) өз салмактарында күч сынашууга даярданууда. Жаштар арасындагы оор атлетика боюнча Азия чемпиондугу 7-январга чейин уланат. Ага 25 өлкөнүн спортчулары катышууда. (ECh)