Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Ош шаарынын окуучулары Казакстанда эл аралык олимпиадага катышат


Ош шаарындагы №17 мектептин 11-классынын окуучусу Каныбек кызы Каныкей математика сабагынан, №32 мектептин 10-классынын окуучусу Ташиев Колдошбек физика сабагынан Казакстандагы Жаутыков атындагы физика-математика гимназиясында өтүүчү эл аралык олимпиадага катышат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов билдирди.

“Учурда аталган окуучулар олимпиадага кызуу даярданууда. 27-декабрдан баштап, шаардагы “Сема” жана “Себат” түрк лицейлеринин олимпиадага даярдоо программасына катышып, окуудан өтүп жатышат”, - дейт Кимсанов.

2014-жылдын 9-декабрында Ош шаарындагы бардык мектептердин окуучуларынын арасында эл аралык олимпиадага катышуу үчүн сынак өткөрүлүп, жыйынтыгында жогорудагы эки мектептин окуучулары тандалып алынган.

Олимпиада 11-17-январда Казакстандын Алматы шаарында өтөт. (МТо)

XS
SM
MD
LG