Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Сариев: Быйыл 44 млрд. сомдук инвестиция келери күтүлүүдө


Быйыл Кыргызстанга мамлекеттин кепилдиги менен 44 млрд. сомдук инвестиция тартылары күтүлүүдө. Анын баары инфраструктурага салынат. Бул тууралуу “Азаттыкка” экономика министри Темир Сариев билдирди.

“Түндүк-түштүк жолу, ТЭЦтин реконструкциясы, Жогорку Нарын ГЭСтеринин салынышы, Бишкек-Торугарт жолу, Ош-Исфана жолунун аягы, Талас-Тараз жолдору - ушулардын баары инфраструктуралык долбоорлорго кирет. Дүйнөлүк банктан, Азия банкынан, Кытайдын "Эксимбанкынан", Ислам банкынан инвестиция келери күтүлөт”, деди Сариев.

Анын айтымында, бул өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көп. Өткөн жылы мамлекеттин кепилдиги менен 19 млрд. сом инвестиция тартылган. (МТо)

XS
SM
MD
LG