Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Ява деңизине кулаган учакты издөө уланууда


Ява деңизине кулаган Air Asia учагын издөө уланууда. Издөөчүлөр аймактан дагы төрт ири объектти табышты. Аны учактын бөлүктөрү деп болжолдошууда.

Индонезиянын Улуттук издөө-куткаруу башкармалыгынын башчысы Бамбанг Соэлистьонун айтымында, табылган объекттердин эң чоңунун узундугу 18 метрдей бар.

Бортунда 162 кишиси бар Airbus A320 учагы 28-декабрда Индонезиядан Сингапурга баратып деңиз үстүнө кулаган. Акыркы маалыматтар боюнча, 30 адамдын сөөгү табылды. Куткаруучулар жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгүнүн сөөгү учактын тулкусу менен кошо деңиз түбүнө чөгүп кетиши ыктымал дешүүдө.

Кырсыктын так себеби азырынча белгисиз. Окуя болгон жерге учактын "кара кутусун" издеп таба турган атайын жабдыкты алып келишкен. Азырынча кутудан сигнал келе элек.

XS
SM
MD
LG