Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:29

ЕБ Чыгыштагы өнөктөштөрү менен ымаласын жакшыртууга даяр


Европа биримдиги өзүнүн “Чыгыш өнөктөштүгү” долбоорундагы өлкөлөр менен алака-катышты дагы бекемдөөгө умтулууда. Бул тууралуу Еврокомиссия мүчөлөрүнүн бири Йоханнес Хан Baltic News Service агенттигине билдирди.

Ошондой эле Хан “Чыгыш өнөктөштүгү” долбооруна катышып жаткан Молдова, Украина, Белорус, Азербайжан, Грузия жана Армения Евробиримдик менен канчалык деңгээлде жакындашуу керек экендигин өздөрү аныкташы зарылдыгын кошумчалады.

Мындан тышкары, Евробиримдиктин учурдагы төрагасы - Латвиянын Борбор Азиядагы Казакстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөр менен алакасын бекемдөө аракетин расмий Брюссель активдүү колдоого даяр экенин Йоханнес Хан белгилеп өттү.

XS
SM
MD
LG