Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Кыргызстанда маянадан арткан кирешеге 23 жылда үй сатып алууга болот


Улуттук банктын Кыргызстандын 2014-жылдагы каржы секторундагы жагдай боюнча жүргүзгөн талдоосунда ушундай деп эсептелген.

Ага ылайык, бир үй-бүлөнүн эң төмөнкү керектөө бюджети 14 875 сом, же болбосо алардын жалпы кирешесинин 62,2 пайызын түзсө, калган каражатты топтосо, анда 23,3 жылда үй алууга болот.

Мындай эсеп өткөн жылдын тогуз айындагы Кыргызстандагы орточо айлык акынын көрсөткүчү менен турак жайга болгон баанын орточо баасын салыштырганда келип чыккан.

Ошентсе да, башка изилдөөлөргө таянып, Улуттук банк Кыргызстандагы калктын кирешесинин 35 пайызы көмүскө булактардан түшөрүн, ал булактарды айлык акыдан түшкөн кирешеге кошуп эсептегенде, турак жай алуу мөөнөтү кыскарарын белгилейт.

Маселен, орточо айлык акыны жалаң үй алууга сактаганда, 54 чарчы метрлүү батир алуу үчүн 8,8 жыл талап кылынат. Ал эми орточо айлык акыга көмүскө булактан түшкөн кирешени кошсо 6,6 жыл керек болот. (МТо)

XS
SM
MD
LG