Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Рим Папасы жаңы кардиналдарды бекитти


Рим папасы Франциск
Рим папасы Франциск

Рим папасы Франциск бекиткен 20 жаңы кардиналдын ону Азия, Латын Америка, Африка, Тынчтык мухитинин аймагынан болду. Франциск алардын ысымдарын Ватикандын Ыйык Петр аянтында жекшемби күнү чогулган он миңдеген адамдарга окуп берди. Түпкүлүгү аргентиналык Францисктин бул жолку дайындоосу бир миллиард 200 миң мүчөсү бар католик чиркөөсүнүн бийлик чордону Европа менен Түндүк Америкадан башка аймактарга ооп жаткандыгынан кабар берет. Түндүк Америкадан эч ким дайындалган жок. Жаңы бекигендердин бири гана Ватикандын борбордук администрациясы Куриядан болду. Курияны Франциск өткөн айда «бийлик дегенде жантыгынан жата калган ач көздүк менен алжыган көрпайчылыкка чалдыккандардын уюгу» деп сынга алган эле.

XS
SM
MD
LG