Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Орусия Украина боюнча эл аралык сүйлөшүүгө катышат


Президенттер Назарбаев менен Порошенко Киевдеги сүйлөшүүлөрдөн кийин, 22.12.2014
Президенттер Назарбаев менен Порошенко Киевдеги сүйлөшүүлөрдөн кийин, 22.12.2014

Орусиянын кабар агенттиктери өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасинге шилтеме берип, Москва 5-январда украин, немис, француз өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө катышаарын маалымдашты.

Аталган өлкөлөрдүн жетекчилери Казакстанда 15-январда жолугушаары пландалган.

Былтыр 5-сентябрда жетишилген элдешүүгө карабастан, Украинада согуш аракеттери токтобой келатат. Өткөн жылдын апрелинде башталган калабада 4700дөн ашык кишинин каны төгүлдү.

4-январда Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецк шаарында жаңы жыл тосуу маалында убактылуу алынып салынган коменданттык саат кайра күчүнө кирди. Коменданттык саат 31-декабрдан 3-январга чейин майрамга байланыштуу убактылуу алынган.

XS
SM
MD
LG