Жеңил машиначан жанкечти Сомалинин борбору Могадишо шаарында машыгуудан өтүп жаткан америкалык тандалма күчтөрдү бутага алды.
Шаардын эл аралык аба майданындагы жекшемби күнкү жардыруу үчүн жоопкерчиликти "Ал-Каида" менен алакалаш "Ал-Шабаб" согушкер тобу өзүнө алды.
Чабуул болгон аймакта Сомалинин аскер күчтөрү, бир нече чет элдик элчилик жана "Ал-Шабааб" менен согушуп жаткан Африкалык Биримдиктин күчтөрү жайгашкан. Бул тарапта "Ал-Шабаабдын" согушкерлери тез-тез кол салып турат.