Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

AKШда "Хобит" камчы салдырбаган бойдон келатат


АКШнын кино залдарында жаңы жылда көп деле жаңылык болгон жок. «Хобит: беш армиянын согушу» деген көркөм тасма мурдагыдай эле үчүнчү апта катары менен эч кимди алдыга чыгарбай келатат.

Голливуд студиялары 4-январда кулак кагыш кылганына караганда, режиссер Петер Жексондун үчилтигинин акыркы бөлүмү болгон бул тасма апта соңунда дээрлик 21 миллион доллар чогултту.

Ага салыштырмалуу Диснейдин «Токойдо» деген мюзикли ишемби, жекшембиде 19 миллион, Анжелина Жоунстун «Сынбас» деген Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу тасмасы 18 жарым миллион доллардык киреше тапты.

Рэнтрэк көзөмөл фирмасынын эсебинде, "Хобит" 17-декабрда чоң экранга чыккандан бери АКШда 220 миллион доллар киреше алып келди.

Ал арада Сони Пикчерс фирмасына кол салууга жана АКШнын Түндүк Кореяга каршы санциясына түрткү болгон "Маек" тасмасынан ал чектелүү форматта көрсөтүлө баштагандан берки экинчи аптада 1,1 миллион доллар киреше түштү.

XS
SM
MD
LG