Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

Одессада жардыруу болду


4-январь күнү кечке жуук Одесса шаарындагы Евромайдан Координациялык кеңешинин кеңсесинин жанында жардыруу болду. Өкмөттүк Avtomaidan Odesa тобу Фейсбуктагы баракчасына жардыруудан жаракат алгандар болбогонун жазды.

Жергиликтүү бийлик Координациялык кеңештин терезелери сынганын, жакын арада токтотулган автоунаалар жабыркаганын айтып чыгышты. Жардыруу боюнча кылмыш иликтөө иштери башталды.

Координациялык кеңештин жанындагы жардыруу 3-январда Одесса темир жолундагы жардырууга улай болгон окуя. Мунай ташып бара жаткан вагондорду жок кылуу максаты менен болгон жардырууну тергөөчүлөр “террордук акт” деп белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG