Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Оор атлетчи Урматбек Сыргабаев Азия чемпиондугунун күмүш байгесин тагынды


Кыргызстандык оор атлетчи Урматбек Сыргабаев ушул күндөрү Катарда өтүп жаткан жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда күмүш байгенин ээси болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Урматбек Сыргабаев 4-декабрда 85 кг. салмакта күч сынашууга чыгып, булкуп көтөрүүдө 111 кг., түртүп көтөрүүдө 130 кг. салмакты багынтып, экинчи орунду алган. Бул салмакта алтын байге тайвандык спортчуга буюрган.

1-январда Катардын Доха шаарында башталган оор атлетика боюнча Азия чемпиондугуна Кыргызстандан төрт спортчу катышты. Буга чейин Кадырбек Айтпеков (50 кг) коло, Аскат Анардин уулу (69 кг) алтын байге тагынса, Курсант Төлөнов (77 кг) 9-орунду ээлеген эле. Азия чемпиондугу 7-январга чейин уланат. Ага 25 өлкөнүн спортчулары катышууда. (ECh)

XS
SM
MD
LG