Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Чакиев: Кыргызстан кышкы туризмге даяр


Кыргызстан боюнча быйыл 17 лыжа базасы иштейт. Учурда алардын жарымынан көбү ачылып, сырттан келген жана жергиликтүү эс алуучуларды тейлеп жатат. Калгандары калың кардын түшүшүн күтүүдө. Бул тууралуу “Азыттыкка” Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору Максат Чакиев билдирди.

Өлкө боюнча 23 тоо лыжа базасы бар, анын 17си иштейт. 2014-жылы Кыргызстанга 4 миллиондон ашык турист келген. Бул 2013-жылга салыштырмалуу 26 миң 387 адамга көп. Максат Чакиевдин айтымында, мындай өсүшкө 45 мамлекетке визасыз режимдин кириши, өлкөдөгү стабилдүүлүк жана ар кандай эл аралык фестивалдар себеп болгон. Визасыз режим кирген 45 мамлекеттен келген жарандардын жалпы саны 67 миң 545 адамды түзгөн.

2015-жылы Туризм департаменти Түркиянын Стамбул, Анкара шаарларына кыргыз айыл комплекстерин курууну пландап жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG