Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Каракол шаарында мергенчинин өлүмүнө шектүүлөр кармалды


Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Маалыматка ылайык, 71 жаштагы Акжолтой Асановдун өлүмүнө шектелип, Боз-Булуң айылынын эки тургуну кармалды.

Кармалган шектүүлөр 1990-жылы туулган кыз жана 1995-жылы туулган эркек бала болгон. Алар маркумдун үйүнө тоноо максатында кирип, акчасын жана видео камера менен уюлдук телефондорун карактап кеткен. Туугандарынын берген маалыматында, болжол менен 25-30 миң доллар каражат жоголгон.

Кармалган жарандар уурдалган каражатка “BMW” үлгүсүндөгү автоунаа сатып алышкан. Андан сырткары, 4 миң доллар жана башка уурдалган бардык буюмдар алынды. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (мыкачылык менен адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду. Кармалгандар Каракол шаардык убактылуу кармоо жайында камакка алынды.

1-январда Каракол шаарындагы өз үйүндө 71 жаштагы Акжолтой Асановдун жансыз денеси табылган. Алдын ала маалымат боюнча, маркумду сабап, мылтык менен башка атып өлтүргөн деген божомолдор айтылган. 71 жаштагы Акжолтой Асанов буга чейин ал Жети-Өгүз районунун сырт зоналарында чет элдик туристтер үчүн мергенчилик уюштуруу менен алектенчү. (MK/TSh)

XS
SM
MD
LG