Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Гани: Чет элдик аскерлерди чыгаруу мөөнөтү кайра каралышы мүмкүн


Ооганстандын президенти Ашраф Гани америкалык аскерлердин өлкөдөн чыгуу мөөнөтү кайрадан каралышы мүмкүн экенин билдирди. Гани америкалык CBS телеканалына маегинде, америкалык аскерлерди өлкөдөн чыгаруу мөөнөтү “догма эмес” экенин айтты.

“Эгер эки тарап тең бул боюнча тил табышса, америкалык аскерлерди чыгаруу мөөнөтүн кайра кароого болот”,- деди Гани.

Быйыл 1-январдан тарта Ооганстандагы коопсуздук жергиликтүү аскер күчтөрдүн колуна өткөн. Өлкөдөгү 140 миңден ашык чет элдик аскердин 13 миңи гана калтырылган. Алар 2016-жылга чейин ооган аскерлерин окутуп-үйрөтүү миссиясын аткарары айтылган.

Бирок акыркы учурдагы талибдердин жанданышынан улам ооган аскерлери өлкөдөгү коопсуздукту сактай албайт деген чочулоолор айтылып келет.

XS
SM
MD
LG