Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:03

АКШда Жохар Царнаевдин иши боюнча сот башталат


5-январда АКШда Бостондогу жардыруу боюнча айыпталган Жохар Царнаевдин үстүнөн сот башталат. Буга чейин Царнаевдин адвокатынын жараяндын мөөнөтүн жылдыруу жана сотту Бостондон башка жерде өткөрүү боюнча өтүнүчү четке кагылган.

Ишти округ соту Жорж О’Тулл жетектеген 12 сот арачысынан турган коллегия карайт. Жараян бир нече аптага созулушу мүмкүн деп күтүлүүдө.

21 жаштагы Жохар Царнаев 2013-жылдын апрелинде марафондогу жардырууда үч кишинин өлүмү жана 260тан ашык адамдын жарадар болушу үчүн күнөөнү өзүнө алуудан баш тарткан.

Токмок шаарында туулуп өскөн Жохар Царнаев тагылган айып боюнча күнөөлүү деп табылса, өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

Прокурорлордун айтымында, Царнаев жана агасы Тамерлан марафон аяктоочу тилкеге жакын жерде жардыргыч салынган баштыктарды таштап кеткен. Тамерлан Царнаев жардыруудан кийин полиция менен атышууда окко учкан.

XS
SM
MD
LG