Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Орусияда бейөкмөт уюмдун жетекчиси “чет элдик агент" деп табылды


Волгоград шаарындагы бейөкмөт уюмдун башчысы Тимур Кобалия “чет элдик агенттердин” тизмесине киргизилди. Шаардагы жаштардын консалтинг жана тренинг борборунун башчысы Кобалияны тизмеге киргизүүнү Орусиянын Юстиция министрлиги сунуштаган. Тимур Кобалия “Азаттыктын” орус кызматына билдиргендей, мындай чечим анын орус-грузин коммерциялык эмес уюмдар форумун жетектегени үчүн кабыл алынган.

Грузияда туулуп өскөн Кобалия бул чечимдин үстүнөн арыздана турганын билдирди.

Орусияда бейөкмөт уюмдарга байланыштуу мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Бул мыйзам чет өлкөдөн акча алган жана саясий ишмердүүлүк кылган бардык бейөкмөт уюмдарды “чет элдик агент” катары каттоону талап кылат. Буга чейин бир нече бейөкмөт уюмга сот ушундай "макам" берген.

XS
SM
MD
LG